№ 44 “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү “Ыйман Нуру” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө |
“Адилеттүлүк жана Өнүгүү “Ыйман Нуру” саясий партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1, 2, 3, 4, 5 жана 19-бөлүктөрүнүн негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 3, 18-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. “Адилеттүлүк жана Өнүгүү “Ыйман Нуру” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абыкеев Эрнест Эркинович катталсын. 2. “Адилеттүлүк жана Өнүгүү “Ыйман Нуру” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Карабекова Анара Азаматовна катталсын. 3. “Адилеттүлүк жана Өнүгүү “Ыйман Нуру” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин. 4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2015-жылдын 3-августу № 44 |
Карап чыгуулар: (1814) |