МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 4 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кенештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан аккредитациялоого берилген документтерин карап чыккан Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн сунушунун негизинде, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9- беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

           ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  • Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн тиркемеде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациялансын.
  • Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттын жетекчисинин орун басары  А. Джолбуновго жүктөлсүн.  
  •  

    ТӨРАГА                                                                              Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш., 2016-жылдын 1-марты

    № 4 

    Карап чыгуулар: (1326)