МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 50 “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

“Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу жана ушул маселелер боюнча башка адамдарды ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо тууралуу билдирүүсүнүн негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине,  18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Моңолдоров Дамир Чериковичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Молдошев Руслан Алдашевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

3. Ушул чечим күчүнө кирген күндөн тартып, “Кыргызстан” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Д.М. Моңолдоровго жана Р.А. Молдошевге берилген №37, №38 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

4. “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Байтикеев Таштанбек Аскарбекович катталсын.

5. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Шамшидин уулу Разак катталсын.

6. “Кыргызстан” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

7. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                                                     Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 11-августу 

№ 50

Карап чыгуулар: (2053)