МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 52 “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

“Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясы шайлоо жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу жана башка адамдарды ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо тууралуу билдирүүсүнүн негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Оморов Максат Абыловичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдиев Кадырбек Каныбековичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

3. Ушул чечим күчүнө кирген күндөн тартып, “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү М.А. Оморовго жана К.К. Абдиевге берилген  №67, № 68 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

4. “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абдугапаров Алмаз Абибулаевич катталсын.

5. “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Шурубекова Айнура Батыралиевна катталсын.

6. “Азаттык” Демократиялык партиясы” саясий партиясынын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилсин.

7. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                                                    Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 14-августу

№ 52

Карап чыгуулар: (2109)