МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 5 2016-жылдын 27-мартына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн акчалай сыйлоо жөнүндө

Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн акчалай сыйлоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн келип түшкөн каттардын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн бир нече кайрылууларынын негизинде, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө өз милдеттерин жигердүү жана ак ниети менен аткаргандыгы үчүн материалдык жагынан дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 18-беренесине, 25-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 15-январындагы № 2/2 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын каражат жана депозиттик суммасы жөнүндө” жобосунун 5-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

  •  2016-жылдын 27-мартына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын каражаттарынын эсебинен бир жолку сый акы төлөнсүн.
  • Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  • Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
  •   

    ТӨРАГА                                                                          Т. АБДРАИМОВ

     

    Бишкек ш, 2016-жылдын 3-марты

    №5

    Карап чыгуулар: (1402)