МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Негизги бет - БШК - КР БШКнын чечимдери
Центральная избирательная комиссия

№ 71 “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынан Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө

“Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесинде көрсөтүлгөн талапкер Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевичтин пассивдүү шайлоо укугу жок экендигин ырастаган Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөрүнүн негизинде, Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Мырзакматов Мелисбек Жоошбаевичке “Ата Мекен” саясий социалисттик партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тартылсын.

2. Бул чечим “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерди  кабыл алуу, аларда  камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Азиз Канатбекке жүктөлсүн.  

 

ТӨРАГА                                                                              Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 3-сентябры

№ 71

Карап чыгуулар: (1499)