№ 8 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 8-апрелинде “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Б. Төрөбаевден Каракол аймактык шайлоо комиссиясы белгисиз себептер менен өз убагында А.Ибраеванын, К.Жылкыбаевдин, Э.Джумаевдин аталган саясий партиясы тарабынан, Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө 2016-жылдын 29-мартында түшкөн арыздарын каттабагандыгы тууралуу арызы (08.04.2016-ж. кир. № 01-12/362) түшкөн. Көрсөтүлгөн арыз боюнча Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Омурзаков талапкерлердин арыздарын карап чыгуу жөнүндө маселени комиссиянын жыйынтыктоочу отурумуна, шайлоонун натыйжалары 2016-жылдын 28-мартында аныкталгандыгына байланыштуу чыгара алган жок. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясынын төрагасынын арызы канааттандырылсын. 2. “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесиндеги кезектүүлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - Ибраева Айпери Токтомушевна – № 3төн № 13кө; - Жылкыбаев Кайрат Жоомартович – с № 5тен № 3кө; - Джумаев Эрмат Джумаевич – с № 13төн № 5ке. 3. “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1, 2-пункттарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. “Өнүгүү – Прогресс” саясий партиясынан депутаттыгына талапкерлеринин катталган тизмеси киргизилген өзгөртүүлөр менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет). 4. Бул чечимдин көчүрмөсү Каракол аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээсине берилсин. 5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2016-жылдын 11 - апрели № 8 |
Карап чыгуулар: (1520) |