№ 9 Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына “Республика - Ата Журт” саясий партиясы тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2016-жылдын 8-апрелинде “Республика - Ата Журт” саясий партиясынын республикалык штабынын начальниги С.Маткеримовдон Каракол аймактык шайлоо комиссиясы аталган саясий партиясы тарабынан Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн тизмесиндеги кезектүүлүгүн өзгөртүү жөнүндө Л. Кулиновадан жана М.Раматовдон түшкөн арыздарды каттабагандыгы тууралуу арызы (08.04.2016-ж. кир. № 01-14/358) түшкөн. Көрсөтүлгөн арыз боюнча Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Омурзаков шайлоонун натыйжалары 2016-жылдын 28-мартында аныкталгандыгына байланыштуу талапкерлердин арыздарын каттаган жок жана карап чыгуу жөнүндө маселени комиссиянын жыйынтыктоочу отурумуна, чыгара алган жок. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ЧЕЧИМ КЫЛАТ: 1. “Республика - Ата Журт” саясий партиясынын республикалык штабынын начальнигинин арызы канааттандырылсын. 2. “Республика - Ата Журт” саясий партиясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлеринин тизмесиндеги кезектүүлүгүнө төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - Кулинова Лола Абдурахмановна – № 4төн № 5ке; - Раматов Марат Садинович – № 5тен № 4кө. 3. “Республика – Ата Журт” саясий партиясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесине ушул чечимдин 1, 2-пункттарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан депутаттыгына талапкерлеринин катталган тизмеси киргизилген өзгөртүүлөр менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркелет). 4. Бул чечимдин көчүрмөсү Каракол аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн жана арыз ээсине берилсин. 5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ Бишкек ш., 2016-жылдын 11 - апрели № 9 |
Карап чыгуулар: (1681) |