2016-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ж.А.Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө КР БШК токтомун негиздүү жана мыйзамдуу деп тапты |
8-июлда КР БШК Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык тапшырманын материалдарынын, анда Ж.А.Саматовдун Россия Федерациясынын граждандыгы фактысы такталгандыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР БШК чечими менен макул болбогон Ж.А.Саматов КР БШК чечими мыйзамсыз деп Биринчи май райондук сотуна талап менен кайрылды. КР БШК чечимин жокко чыгаруунун таризи Ж.А.Саматовдун өкүлүнүн айтуусунда ал Россия сотунун чечимин алуу керектиги, анда Ж.А.Саматов РФ жарандыгын алгандан баш тартат жана РФ жарандыгынын паспортун жараксыз деп тааныйт. Белгилей кетмекчибиз, Казань шаарынын Авиакурулуш райондук сотунун маалыматына ылайык: 1) 24.05.2016-ж. Жарандык сот өндүрүшү тартибинде иш каралбагандыгына байланыштуу жогорудагы сот тарабынан Ж.А.Саматов РФ жараны эместиги экендигин белгилөө жарандык иш өндүрүшү тартибинде каралбгандыктан кароого алынбаган. Аталган аныктамада Саматов Ж.А. тарабынан “Россия Федерациясынын жараны жөнүндө” РФ мыйзамынын негизинде тездетилген тартипте Россия жарандыгын алууга арыз берилген, арыз берүүчү РФ жарандыгына кабыл алынганы такталган. 2) 26.05.2016ж. Россия УФМС мыйзамсыз аракеттерине карата Ж.А.Саматовдун доо арыздарын кабыл алуу, Ж.А.Саматовдун РФ жарандыгын алуу жана паспорт берүү мыйзамсыз экендигин таануу четке кагылган, анткени Россия жарандыгын алуу жана токтотуу маселеси административдик сот өндүрүшүндө каралган эмес. Казань шаарынын Вахитов райондук сотунун маалыматына ылайык: 14.07.2016-ж. РФ жаранынын паспортун берүүнү жараксыз деп табуу жөнүндө Ж.А.Саматовдун арызы боюнча иш өндүрүшү кабыл алынбагандыгы иш граждандык сот өндүрүшү тартибинде каралбагандыгына байланыштуу. Биринчи май райондук соту өзүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы чечиминде “Россиянын сотторуна үстүбүздөгү жылдын 16 жана 25-июлундагы арыздарында Ж.А.Саматов Россия Федерациясынын паспортун алгандыгын танбайт” жана бүгүн анын доо арызы Биринчи май райондук сотунда каралганда ал парламенттин депутаттыгына кандидаттыкка каттоодо, кийин Жогорку Кеңештин депуттаттыгына каттоодо Россиянын жарандыгынан чыккандыгы тууралуу сотко далил бербегендигин белгилейт. Биринчи май райондук соту 22.01.1993ж. Минск конвенциясына ылайык эл аралык укуктук жардамдарды көрсөтүү тууралуу эл аралык тапшырма берүү алкагында КР Башкы прокуратурасы алган материалдар Ж.А.Саматовдо Россия Федерациясынын жарандыгы бардыгын тастыктайт, ушундан улам сот Кыргыз Республикасынын мурдагы депутаты Жыргалбек Саматовдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 08.07.2016-ж, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” токтомдорун мыйзамсыз жана жокко чыгаруу доо арызын четке какты.
КР БШК Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1562). 15 Июля 2016 г. |