МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

2- октябрда тил боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйналышы өттү

Бүгүн, 2011 – жылдын 2- октябрында тил боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйналышы өттү. Эскерте кетсек, тил боюнча Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында курамы 12 адамдан түзүлгөн.

Тил боюнча Комиссиянын кезектеги жыйналышына чүчү кулак кармашуу жолу менен К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору, филиогия илимдеринин доктору Суусар Искендеровна Искендерова төрагалык кылды.

 Жыйналыштын башталышында төрайым Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Абышев Аскарбекти, Айтикеев Акбаралыны, Арабаев Калыбекти, Сооданбеков Уланбекти, Тюлеев Нариманды жана Үмөталиева Токтайымды БШКнын 2011 – жылдын 27 – июлундагы № 57 – токтому менен бекитилген “Тил боюнча Комиссиясы жөнүндө Жобо” менен тааныштырды.

Жобого ылайык биринчи тапшырмада Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер 30 мүнөт ичинде өздөрүнүн шайлоо алдындагы программасын жазуу жүзүндө берүүлөрү керек эле.

Экинчи жана үчүнчү тапшырманы аткаруу үчүн – 15 мүнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо алдындагы программасынын жоболорун көлөмү 3 барактан турган тексттин окуу үчүн талапкерлер алфавиттик тартипте чакырылган.

Тил боюнча Комиссия жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды текшерип жана талапкерлердин чыгып сүйлөгөн сөздөрүн, ошондой эле көркөм чыгармиалардан үзүндүлөрдү окуусун угуп  төмөндөгүдөй чечим чыгарды:

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Абышев Аскарбек мамлекеттик тилди билбейт;

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Айтикеев Акбаралы, Арабаев Калыбек, Сооданбеков Уланбек, Тюлеев Нариман жана Үмөталиева Токтайым мамлекеттик тилди билишет.

Карап чыгуулар: (2683). 2 Октября 2011 г.