Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун 2-туру 2013-жылдын 1-августунда өткөрүлөт. |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы каралды. Жыйында 2013-жылдын 18-июлунда болгон айыл өкмөт башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын» эрежелерин бузуулар менен өткөрүлгөндүгү белгиленди. Добуш берүүгө 21 депутаттан 18 депутат катышкан. Талапкер Сулайман Жоробеков биринчи турда 10 добуш, Маматназар Нуридинов 4 добуш алган. Мыйзамга ылайык биринчи турда депутаттардын көбүрөөк добушун алган талапкер Сулайман Жоробеков гана экинчи турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок шайлоонун экинчи туруна Маматназар Нуридинов да катышып, жыйынтыгында талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш алышкан эмес. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Жыйында 2013-жылдын 18–июлунда өткөн Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун 2-турун белгиленген тартипте өткөрүүнү 2013-жылдын 1-августуна жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1928). 24 Июля 2013 г. |