8 – сентябрда Тил боюнча комиссиянын биринчи жыйналышы өттү |
Бүгүн, 2011-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында Тил боюнча комиссиясынын биринчи жыйналышы өттү. Эскертебиз, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн Тил боюнча комиссия 2011-жылдын 1- августунда түзүлгөн: 1. Акматалиев Абдылдажан Амантурович, Ч.Айтматов ат. Тил жана адабият институтунун директору, филология илимдеринин доктору, академик; 2. Батаканова Светлана Топчуевна, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогикалык илимдердин кандидаты, доцент; 3. Василькова Галина Алексеевна, Кыргыз-Россиялык Славян университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты; 4. Исаков Каныбек Абдуваситович, Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор; 5. Искендерова Суусар Искендеровна, Х.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору; филология илимдеринин доктору; 6. Исамидинов Искендер Чоңмурунович, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, педагогикалык илимдердин доктору, профессор; 7. Казиев Нурбек Кожоярович, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин алдындагы лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча Мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси, филология илимдеринин кандидаты; 8. Нурманбетов Тынчтыкбек, “Кырчын” журналынын башкы редактору, акын, Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери, 9. Рыскулова Гүлжамал Үмөткуловна, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, 10. Өмүрканов Анатай, Кыргыз Республикасынын эл акыны; 11. Маразыков Турусбек Сейдакматович, Ж.Баласагын ат. КМУ кыргыз тил кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор; 12. Дербишева Замира Касымбековна, “Манас” КТУ тышкы иштер институтунун директору, филология илимдеринин доктору. Чучукулак кармоо боюнча Тил боюнча комиссиянын биринчи төрагасы болуп Исамидинов Искендер Чонмурунович шайланды. Тактап кетебиз, Тил боюнча комиссиясынын мүчөлөрү кезектешип төрагалык кылышат. Жыйналыштын төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Асанбекова Темирбекти, Байгуттиева Сейтекти, Булекбаева Эркинди, Мадумарова Адаханды, Пиримбаева Жусупжанды “Тил боюнча комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлунда бекитилген №57 Жобосу менен таанышып кетти. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер ге шайлоо алдындагы программасын чагылдыруучу жазуу иштерине 30 мүнөт бөлүнүп берилди. Андан ары, алфавиттик тартипте талапкерлер шайлоо алдындагы программасын негизги жоболорун оозеки түрүндө 15 мүнөткө чейин баяндап беришти. Талапкердин билүүсүн аныкташ үчүн талаптарга ылайык кийинки этапта 3 барактан турган басма текстти окуп берүүсү болду. Тил боюнча комиссиясы жазуу иштерин текшерип, талапкерлердин оззеки баяндамасын, көркөм адабияттан алынган тексттин үзүндүсүн окуусун угуп, төмөнкү чечимдерди чыгарды: Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Асанбеков Темирбек – мамлекеттик тилди билет; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Байгуттиев Сейтек мамлекеттик тилди билбейт; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Булекбаев Эркин – мамлекеттик тилди билбейт; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Мадумаров Адахан – мамлекеттик тилди билет ; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Пиримбаев Жусупжан – мамлекеттик тилди билет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (3570). 8 Сентября 2011 г. |