Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 23 саясий партиядан талапкерлердин тизмелерин каттады |
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн 23 саясий партиядан талапкерлердин тизмелерин каттады. Талапкерлердин тизмелерин каттоо 2012-жылдын 25-октябрында 24:00дө аяктады. Эске сала кетсек, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде 23 саясий партиядан талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү тартибинин жогорула көрсөтүлгөн Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерди жана талапкерлердин бардык тизмелерин каттоо жөнүндө чечим кабыл алды. Төмөндө Бишкек шаардык кеңешине катталган саясий партиялардын тизмелерин келтиребиз: 1. «Ата Мекен»; 2. «Республика»; 3. «Мекен Ынтымагы»; 4. «Кыргызстандын Элдик-Демократиялык партиясы»; 5. «Столица» Демократиялык партиясы 6. «Ата-Журт» мекенчил партиясы; 7. «Акшумкар»; 8. «Партия зеленых Кыргызстана»; 9. «Жолтоосуз жашоо үчүн»; 10. «Замандаш-Современник»; 11. «Партия транспортников Кыргызской Республики»; 12. «Эгемен Кыргызстан»; 13. «Единство и развитие»; 14. «Биримдик, Азаттык. Калыстык. Мекен»; 15. «Ар-Намыс»; 16. «Адилеттүү Кыргызстан»; 17. «Бүтүн Кыргызстан»; 18. «Эркин Эл» кайра жаралуу партиясы»; 19. «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»; 20. «Патриоты Кыргызстана»; 21. «Кайран Эл»; 22. «Асман Ала-Тоо» Элдик саясий партиясы; 23. «Ак Санат» Элдик Өзүн-өзү башкаруу партиясы». Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2520). 26 Октября 2012 г. |