МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК: Бүгүн республиканын 15 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүн 17-июлда, республиканын Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад областтарынын 15 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын  2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен бекитилген.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо

Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок,

Кемин районундагы  Көк-Ойрок, 

Сокулук районундагы  Новопавловка,  Орок,

Москва районунудагы Александровка,

Кочкор  районундагы  Ак-Кыян,

Кара-Суу районундагы  Ак-Таш,

Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа,

Ысык-Көл районундагы  Бостери,

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу,

Ак-Суу районунудагы Бөрү –Баш,

Тоң районундагы  Улахол,

Бакай-Ата районундагы  Ак-Дөбө,

Кара-Буура районундагы  Бейшеке,

жана Аксы районундагы  Кара-Жыгач айылдык аймактарында өткөрүлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен, жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.

           Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2038). 17 Июля 2013 г.