КР БШК эл аралык байкоочулар катарында дагы 7 эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн акредитациялады |
Бүгүн, 2011-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Алмазбек Атамбаевдин 2 адамын, Анарбек Калматовдун 481 адамын, Кубатбек Байболовдун 23 адамын, Курманбек Осмоновдун 2 адамын, Марат Иманкуловдун 125 адамын, Өмүрбек Суваналиевдин 348 адамын талапкердин ишенимдүү адамы кылып каттады. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрында шайлоодо эл аралык байкоочулар катарында Астана шаарындагы Польша Республикасынын элчилигинин, Астана шаарындагы Улуу Британия элчилигинин, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), АКШ эл аралык катнаштын Улуттук Демократиялык Институтунун (НДИ), Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) байкоочуларынын Миссиясынын, Ташкент шаарындагы Индонезия Республикасынын элчилигинин, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн аккредитациялады. Бүгүнкү күнгө 25 эл аралык уюмдардан 214 эл аралык байкоочулар аккредитациялангандыгын эскерте кетмекчибиз. Бул жыйналышта Баткен областынын Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй областынын Чүй, Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2102). 21 Октября 2011 г. |