КР БШК алдыдагы шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн «Чалкан.kg» газетасын аккредитациялаган жок |
Бүгүн, 2011-жылдын 21-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 18-беренесинин 8-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 13 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде алардын ишинин тартиби жөнүндө” Жобонун 2-бөлүмүн жетекчиликке алып, “Чалкан. Kg” ЖЧКсынын 2011-жылдын 14-октябрындагы кайрылуусун карап чыгып, 2011-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерин жүргүзүү үчүн “Чалкан. Kg” жалпыга маалымдоо басма сөз каражатын аккредитацилоодон баш тартты. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2011-жылдын 30-октябрында шайлоодо эл аралык байкоочулар катары Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюронун (БДИПЧ/ОБСЕ), АКШ Эл аралык катнаштар Улуттук Демократиялык Институнун (НДИ) өкүлдөрүн аккредитациялады. Бүгүнкү күнгө 25 эл аралык уюмдан 316 эл аралык байкоочу аккредитациялангандыгын эскерте кетмекчибиз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (2405). 21 Октября 2011 г. |