МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Султанов Маратты каттоодон чыгарды

Бүгүн, 2011-жылдын 7 октябрында  кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Султанов Мараттан түшкөн арыздын негизинде  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 9-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 2-бөлүгүнүн 4-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-сентябрындагы № 278 токтому менен катталган, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Султанов Марат Абдыразаковичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна каттоодон чыгарды.

Ушул эле жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер: Асанбеков Темирбектин – 23, Байболов Кубатбектин – 24, Атамбаев Алмазбектин – 8 ишенимдүү адамдары катталды.

 КР БШКнын мүчөлөрү Н.Ж.Кудайбергеновдун 2011-жылдын 14-июнундагы даттануусунда баяндалган жагдайды иликтеп чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 2-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, “Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 20-майындагы № 13 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө” токтом өзгөртүүлөр менен кабыл алынды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен Жалал-Абад облусунун  Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Талас облусунун Бакай-Ата АШКнын, Чүй облусунун Ысык-Ата АШКнын, Ош облсунун Араван АШКнын курамдарына өзгөртүү киргизилди.

 

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2284). 7 Октября 2011 г.