Бүгүн, 2012-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.
КР БШКнын мүчөлөрү Кара-Суу, Ноокат, Таш-Көмүр жана Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) 9 өкүлүн 2012-жылдын 25-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого эл аралык байкоочу катары аккредитациялады.
КР БШКнын жыйналышында Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колтамгаларды чогултуу боюнча демилгелүү топту каттоо жөнүндө «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин өтүнүчү карап чыгып, сунуш кылынган документтер, референдумга коюлган маселелер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7, 8, 11-беренелеринин талаптарына шайкеш келбестигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колтамгаларды чогултуу боюнча «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин демилгелүү тобун каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
«Ак-Кула» ат майданында «Республика» саясий партиясынын массалык үгүт иш-чаралары жана партиянын телекөрсөтүүдөгү үгүт иши жөнүндө маселелерди карап чыгып, КР БШКнын мүчөлөрү шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн «РЕСПУБЛИКА» саясий партиясын эскертүүнү чечти.
КР БШКнын жыйналышында ошондой эле КР БШКнын алдындагы Контролдук-текшерүү тобунун маалыматы угулду.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|