БШК “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү” жана ага толуктоолор жөнүндөгү токтомдорду жокко чыгарды |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө” № 59 токтомду жана ага өзгөртүүлөр киргизилген 2013-жылдын 6-майындагы № 64 токтомду жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Анда иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар тиешелүү жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу кийинки шайлоодо талапкер катары катталбайт деп белгиленген болчу. БШКнын № 59 токтомун колдонуу, иш аракеттери жергиликтүү кеңештердин мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттардын чоҢ реакциясына алып келди. Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо практикасы айылдык кеңештердин айрым депутаттары ошондой эле саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатышкандыгын көрсөттү. Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлабагандыгына байланыштуу Майлуу-Суу, Көк Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери, Жайыл районундагы Полтавка, Кемин районундагы Көк Ойрок, Аксы районундагы Кара Жыгач, Тоң районундагы Улахол, Ысык Көл районундагы Бостери, Кара Суу районундагы Ак Таш айылдык кеңештери таркатылган Борбордук шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутатттарынан? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциацияларынан? Саясий партиялардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан көптөгөн кайрылуулар келип түштү№ШКга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциацияларынан, саясий партиялардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселе укуктук жактан так жөнгө салынышы керек деген пикиринде калат. Бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын к-п сандагы кайра шайлоолор менен айкалышкан м—н-т8н-н мурда таркатылган депутаттарын шайлоодо каттоодон баш тартуудан чыга турган терс кесепеттерге жана көйгөйлөрдүн пайда болушуна жол бербөө тууралуу кайрылуусун эске алып, 2013 жылдын 29 апрелинде жана 2013 жылдын 6 айында кабыл алынган токтомдорун жокко чыгарды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2131). 21 Мая 2013 г. |