МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Т.Жаныкеевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Урмат Аманбаеваны депутатттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу жөнүндөгү арыз менен кайрылган Т, Жаныкеевдин арызы канаттандарылган жок. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо  комиссиясынын чечими кабыл алынды. Анткени арызда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Урмат Аманбаеванын депутат болуп катталган мезгилде жана  азыркы убакта ишкерлик менен алектенип жаткандыгын далилдеген материалдар негиздүү жана толук көрсөтүлгөн эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Борбордук шайлоо комиссиясына Т.Жаныкеев аттуу жарандан депутат У.Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызы келип түшкөн. Өз арызында ал У.Аманбаева депутат болуп туруп, ишкердүүлүк жүргүзүүнү токтоткон эмес жана депутаттык мандатты өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат деп көрсөткөн.
 Чечимдин көчүрмөсү арыз ээсине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жөнөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

 

Карап чыгуулар: (2117). 28 Июня 2013 г.