КР БШК маалымдайт: 2013-жылдын 17-июлунда 54 аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт |
2013-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын Кыргызстандын 25 саясий партиясынын өкүлдөрүнөн түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесиндеги 1-бөлүгүнө ылайык, эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү (Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан тышкары) 2013-жылдын 25-июлунда аяктайт. Мыйзамга ылайык, Аймактык шайлоо комиссиясы тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт. Эгерде саясий партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясий партиялардын өкүлдөрү, саясий партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясий партиялардын резервин түзөт. Чүчүкулак 17.07.2013-ж. саат 10.00дө Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда өткөрүлөт. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин курамын түзүү боюнча чүчкулак процессин чагылдырууну каалаган массалык маалымат каражаттары катышса болот. Чүчүкулакка катышууга ММКдын аккредитациясы 2013-жылдын 16-июлунда саат 18.00гө чейин: 62-62-86, 62-01-50 телефондору аркылуу жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1881). 15 Июля 2013 г. |