КР БШК саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбестиги тууралуу билдирди. |
Бүгүн 18-октябрда БШКнын басма сөз борборунда КР БШК төрагасынын орун басары Бекматов Абдыжапар Гапыровичтин жана КР БШК мүчөсү Журабаева Гульнар Курашбековнанын маалымат жыйыны өткөрүлдү. Өз сөзүндө КР БШК төрагасынын орун басары Бекматов А.Г. айылдык жана шаардык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоо жол-жоболорунун негизги пункттарын белгиледи. Маселен, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаардык кеңештерге - саясий партияларга, айылдык кеңештерге - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык. 21 жаш куракка толгон жарандар - жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү талапкер боло алат. Талапкерлер шаардык кеңештерге - шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн мурда б.а. 31-октябрга чейин, айылдык кеңештерге - шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн мурда б.а. 11-ноябрга чейин көрсөтө алышат. Бүгүнкү күнгө карата эки партия - “Өнүгүү-Прогресс” жана ”Кыргызстандын жашылдар партиясы” өз ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттатышты. Бекматов А.Г. ошондой эле, шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар жана жарандар өзүн өзү көрсөткөн учурдан баштап, өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылоо үчүн шайлоо фондусун түзөөрүн эске салды. Ош жана Бишкек шаарларынын кеңештерине партиялардан талапкерлер үчүн саясий партиялар шайлоо фондусунун каражаттарынан жумшай турган чыгымдарынын эң жогорку суммасы 150 000 эсептөө көрсөткүчүнөн (15 миллион сом) ашпоосу керек. Башка шаарларда бул көрсөткүч 50 000ди (5 миллион сом) түзөт. БШК талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсебин ачуу үчүн эки банкты - «РСК Банк» жана «Айыл Банк» мекемелерин аныктады. Бул банктарды тандоодо региондордогу талапкерлерге ыңгайлуу болсун үчүн ал банктардын жер-жерлерде кеңири тараган филиалдары бар экени негизги критерий болду. КР БШК мүчөсү Журабаева Г.К. журналисттин суроосуна жооп беип жатып, өз сөзүндө БШК бүгүнкү күндө шайлоо менен референдумду (аны өткөрүү чечилсе) бир күндө өткөрүүгө даяр экенин, жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүүдө жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү гана катыша аларын айтты. Ошондой эле ал шайлоо алдындагы үгүттөөгө катышууну каалаган ЖМКларды аккредитациялоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу эске салды. Шайлоо алдындагы үгүт иштери шаарларда добуш берүү күнүнөн бир ай мурда б.а 11-ноябрда башталса, айылдык кеңештерде добуш берүү күнүнөн 20 күн мурда б.а 21-ноябрда башталат. Сөзүнүн аягында Гульнара Курашбековна жаңы мыйзамдарга ылайык саясий партиялар жана талапкерлер тарабынан мөөнөттөн мурда үгүт иштерин жүргүзүүгө жол берилбей турганын эскертти.
БШК басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1456). 18 Октября 2016 г. |