МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР БШК 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календардык планын бекитти

2017-жылдын 14-июнундагы (№1681-VI) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалды, ушуга байланыштуу КР БШКсына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  эркин, акыйкат жана таза шайлоону өткөрүүнү камыз кылуу тапшырылды.  

КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана  өткөрүүнү уюштуруунун  алкагында, КР БШК 2017-жылдын 14-июнунда өткөн өзүнүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын  Календардык планын бекитти.  (КР Президентин шайлоонун Календардык планы)

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык Мыйзамдын”  негизинде КР Президентин шайлоонун Календардык планы КРда жана республикадан тышкары жерлерде  шайлоо участкаларын түзүү,  шайлоочулардын тизмесин тактоо, талапкерлерди колдоо боюнча кол топтоо, КР Президентине талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо ММКларды, байкоочуларды жана эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү, добуш берүү, жыйынтыгын чыгаруу, (республикадан тышкары жерлерде) ошондой эле кайра шайлоо дайындалган учурда анын мөөнөтүн, жол жоболорун аныктайт ж.б.у.с.

КР Президентин шайлоо боюнча Календардык планда,  шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана башка шайлоо процессинин катышуучуларын анын ичинде республикадан тышкары жерлерде түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуу семинар-тренингдерди өткөрүү каралган.

Ошондой эле КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында  КР БШКнын жыйынында КР Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө каралган каражаттын сметасы жана талапкерлердин шайлоо фондусунун атайын эсептерин ААК «РСК Банк» жана ААК «Айыл Банкта” ачуу бекитилди.

КР Президентин шайлоо боюнча Календардык пландын бекитилген тексти менен бул жерден таанышса болот.

 

 

КР БШК аппаратынын маалыматтык кызматы 

Карап чыгуулар: (1597). 15 Июня 2017 г.