БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерди даярдоочу компанияны аныктады |
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын жана Конкурстук табыштамаларды баалоо боюнча усулдук нускамага (Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрдагы №175 буйругу менен бекитилген) ылайык БШК мамлекеттик сатып алуулардын веб–порталына эки лотко - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилерге жана күбөлүктөргө конкурс жөнүндө кулактандырууну жайгаштырды. 2016-жылдын 12-декабрында берилген табыштамаларды ачуу болуп өттү. Төш белгилерди даярдап берүүгө конкурска катышуу үчүн төмөнкү компаниялар жана жеке ишкерлер табыштамаларды беришти: • Атабаев Ч.П., • Бейшенов Т.А., • Джуматаев Т.Э., • ОсОО "M plus L Ltd", • ОсОО "Алан Тур", • ОсОО "Ваш поставщик", • ОсОО "Дастан Строй Групп", • ОсОО " Пятый Партнер", • ОсОО "Статус 372", • ОсОО "Медальер", • Подстречный В.Н. 2016-жылдын 14-декабрында БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин төрагалыгы астында конкурстук комиссиянын жыйыны өтүп, анда тиешелүү табыштамалар жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн төш белгилердин жана күбөлүктөрдүн үлгүлөрү каралды. Комиссия төш белгилердин техникалык талаптарга ылайыктуулугуна корутунду берсин үчүн «Кыял» ЭКӨУБ ишканасынын цехинин чебери Н.К. Касиевди адис катары тарткан. Ал конкурстун катышуучулары тарабынан берилген төш белгилердин үлгүлөрүндө латундун негизи бар-жоктугу боюнча өз корутундусун берди. Даярдап берүүчүлөргө карата коюлуучу техникалык талаптарга ылайык төш белгилер төмөнкү параметрлерге ылайык келүүгө тийиш: 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси (мындан ары - төш белги) – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туусунун 27х16 мм, Туунун сабы - 5 мм габариттик өлчөмдөрүндөгү стилдештирилген сүрөтүн көрсөтөт. 2. Төш белгинин негизи калыңдыгы 1,5 мм, “алтын” өңдүү түс менен капталган латундан даярдалат. 3. Төш белгинин контуру тегизделип жана сүрүлгөндөн кийин “алтын” өңдүү түс менен жалатылат. Төш белгинин алдыңкы бети максималдуу чагылып турушу үчүн кызыл түстөгү жука акриль эмалы менен капталат. 4. Төш белгинин бардык үстүңкү бети көркөмдүктү, көлөмдү жана жалтыроону берген оптикалык компаунд менен жабылат. Төш белгинин борборунда мамлекеттик Туунун элементтеринен “түндүк” чагылдырылган. Төш белгинин төмөнкү бөлүгүндө толкун түрүндө “ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШ” деген тийиштүү сөздөр жайгаштырылат. Күндүн нурун, түндүктү жана тиешелүү жазууларды чагылдыруу “алтын” өңдүү түс берүү ыкмасы менен аткарылат. 5. Төш белгинин арткы бетинде болоттон жасалган, чечилип кетүүдөн сактоочу бөлүгү бар тигинен төөнөгүч жайгашкан, ал “муздак ширетүү” ыкмасы менен төш белгинин негизине бекитилет.
Даярдап берүүчүлөргө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык конкурска катышуучу компаниялар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 1. Акыркы 2 жылдагы (2014 – 2015-жылдар) бухгалтердик баланстын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип, ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери менен берилиши керек. 2. Уставдын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек. 3. Катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек. 4. 500 миң сомдон кем эмес суммага окшош жумуш аткарган тажрыйбасы болууга тийиш (3төн кем эмес окшош келишимдин түп нускаларынын көчүрмөлөрү сканерленип, келишимдер боюнча милдеттенмелердин аткарылганын ырастаган документтер тиркелип берилиши керек). 5. Карызы жок экени тууралуу Социалдык фондудан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек. 6. Карызы жок экени тууралуу салык кызматынан маалымкаттын түп нускасынын көчүрмөсү сканерленип берилиши керек. Комиссиянын мүчөлөрү берилген табыштамаларды карап чыгып, конкурстук, квалификациялык жана техникалык талаптарга ылайыктуулугун текшерип, ошондой эле өндүрүүчүлөр сунуштаган нарктарды (бааларды) эске алып, конкурстун жеңүүчүсү катары «Медальер» ЖЧК компаниясын тандоо тууралуу чечим кабыл алды, анын натыйжасында 1 080 000 сом үнөмдөлдү.
КР БШК басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1287). 18 Декабря 2016 г. |