Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган 3 талапкердин каттоолору жокко чыгарылды |
Бүгүн, 2011-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Кубатбек Байболовдун – 14, Алмазбек Атамбаевдин – 16, Камчыбек Ташиевдин -6 ишенимдүү адамдарын каттады, Ушул эле жыйналышта Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкерлер Тюлеев Нариман Ташболотовичтен 2011-жылдын 11-октябрында, Медетбеков Шамшыбек Осмонкуловичтен 2011-жылдын 12-октябрында Масалиев Исхак Абсаматовичтен 2011-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн арыздарына байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн талапкерлердин каттоосун жокко чыгарды. Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн токтому менен Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык байкоочулар катары Кыргыз Республикасындагы Корея элчилигинин, Пакистандын «Общество Азиатских Цивилизаций» бейөкмөт уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) катчылыгынын өкүлдөрүн аккредитациялады. Эскерте кетсек, бүгүнкү күнгө 63 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2465). 13 Октября 2011 г. |