МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн окутту

2016-жылдын 18-ноябрында КР БШКнын окутуу жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттешүү борбору USAIDдин колдоосу астында шайлоо тутумдарынын эл аралык фонду (IFES) менен биргелешип, “Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо. Шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилбестик. Шайлоо процессининсубъектилеринин аракеттерин (аракетсиздигин) даттануу тартиби жана жолдору” деген темада тренинг өткөрдү.

Тренингге Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясында катталган саясий партиялардын шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Окутуу учурунда шайлоо кампаниясын каржылоого, партиялардын шайлоо фондулары боюнча отчеттуулугуна байланыштуу маселелер талкууланды, шайлоо процессинин катышуучуларынын администрациялык укук бузууларын, кылмыш жазасына алып келүүчү аракеттерин камтыган мыйзам бузууларынын түрлөрү каралды.

Ошондой эле, окутуу иш-чарасында шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерин жана аракетсиздигин даттануу тартиби жана жолдору, актыларды, арыздарды түзүүнүн эрежелери, шайлоомыйзамдары бузулган учурда далилдерди чогултуунун эрежелери талкууланды.

Тренингдин катышуучуларынын алдында КР БШКнын төрагасынын орун басары А.Б.Абдрахматова, КР БШКнын окутуу жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттешүү борборунун директору М.И.Аргымбаев, Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынынтөрагасыК.А.Маматов,КР БШКнын мүчөсү А.С. Сатыгулов сөз сүйлөштү. КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1406). 21 Ноября 2016 г.