МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутту

БШК Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн тренинг өткөрдү. Тренингчет өлкөлөрдөКыргыз РеспубликасынынКонституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрүнө арналды.

Окутуу тренингинде Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери референдум өткөрүүнүн жол-жоболору, шайлоочулардын тизмелеринде тактоо боюнча аракеттер тууралуу билимге, автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдү пайдалануу, добушту саноо жана добуш берүүнүн маалыматтарын иштеп чыгуу боюнча көндүмгө ээ болушту.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында БШКнын төрагасынын орун басары Атыр Абдрахматова,БШКнын окутуу жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттешүү борборунун директору Мырзабек Аргымбаев, АСУну пайдалануу секторунун жетектөөчү адиси Улан Мурзаев,Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов чыгып сөз сүйлөштү.

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумга Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын катышуусуүчүн 35 шайлоо участогу ачылат.

 

КР БШКнын басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1320). 27 Ноября 2016 г.