МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБнин Жалал-Абад шаарындагы УШКда мыйзам бузуулар жөнүндө кайрылуусун канааттандырды

18-декабрда БШК жыйынында“Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” КБнин байкоочусу К.М. Шералиевдин Жалал-Абад шаарындашайлоо мыйзамдарын бузууларга байланыштуу даттануусун канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

К.М. Шералиев2016-жылдын 11-декабрында Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 2096  шайлоо участогунда добуш берүүнүн жүрүшүндө АЭУ бузулганы тууралуу даттануу берген. АЭУнун ордуна добуш берүү үчүн стационардык үкөк (айнек урна) коюлган. Участокко техникалык колдоо тобу келип, АЭУнун иштөөсүн калыбына келтирген, бирок АЭУ бузулганы тууралуу акт түзүлгөн эмес.

№ 2096  шайлоо участогунда добуш берүү аяктагандан кийин МККнын операторунун алдын-ала маалыматы боюнча добуш берген шайлоочулардын саны 773дү түзгөн, бирок участоктук шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколунда добуш берген шайлоочулардын жалпы саны  1479ду түзгөн.

Арыз ээси андан тышкары шайлоочулардын добушун саноонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгонун көрсөткөн. Мисалы, участоктук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын добушун түздөн-түз саноонун алдында АЭУ боюнча добушберүүнүн алдын-ала жыйынтыктарын жарыялаган эмес. Участоктукшайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан шайлоочулардын добушу кол менен саналган, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзүлгөн, ошондон кийин гана АЭУнун чеги басылган.

13-декабрдаК.М. Шералиев№ 2096 участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгаруу тууралуу даттануу менен Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) кайрылган, АШК анын даттануусун канааттандыруудан баш тарткан.

БШК Жалал-Абад шаарынын№ 2096 участогундагыдобуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарып,К.М. Шералиевдин даттануусун канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

 

КР БШК басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1282). 19 Декабря 2016 г.