МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясы Мамлекеттик каттоо кызматы менен оз ара аракеттешүүсүнүн тартиби боюнча жобону бекитти

Бугун, БШКнын кезектеги отурумунда жергиликтуу кенештеринин  депутаттарын шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын өз ара аракеттешүү  тартиби боюнча жобо бекитилди.

Бул убактылуу жобо жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү  учурунда шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү жана тактоо, шайлоочуларга өзү жөнүндө маалыматтар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктайт.

Отурумдун жүрүшүндө БШКнын мүчөлөрү тарабынан 2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарынын кээ бир жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдардын жана участкалардын схемалары жана чек аралары бекитилди.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бош калган депутаттык мандаты тизмеде турган кийинки талапкер Назаров Айтмаматка өткөрүп берүү боюнча тиешелүү  токтому кабыл алынды. 

Карап чыгуулар: (1588). 16 Февраля 2016 г.