БШК АШКлардын Кыргыз Республикасынын 29 айылдык жана 1 шаардык кеңешинин депутаттарыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитти |
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) айылдык жанашаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун бекитти. Депутаттардышайлоонун натыйжалары тууралуу төмөнкүтийиштүү АШКлардын протоколдору бекитилди: Чүй облусу боюнча, Кара-Балташаардык кеңеши: «СДПК» - 16,3% (7 мандат) «Эламан» - 13,2 % (6 мандат) «Элдик» - 12,8% (6 мандат) «Республика-Ата-Журт» - 11,7% (5 мандат) «Акшумкар» - 8,6% ( 4 мандат) «Кыргызстан» - 7,4% (3 мандат) БШК Кыргыз Республикасынын төмөнкү айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу тийиштүү АШКлардын протоколдорун бекитти:
Чүй облусу боюнча, Сокулук районубоюнча: Сокулук айылдык кеңеши, Крупского айылдык кеңеши, Гаврилов айылдык кеңеши, Военно-Антоновкаайылдык кеңеши, Кун-Туу айылдык кеңеши, Биринчи майайылдык кеңеши, Кайназароваайылдык кеңеши, Кызыл-Туу айылдык кеңеши, Асылбаш айылдык кеңеши, Саз айылдык кеңеши, Төш-Булак айылдык кеңеши, Ат-Башыайылдык кеңеши, Жаны-Пахтаайылдык кеңеши, Төмөнкү-Чүйайылдык кеңеши, Камышановка айылдык кеңеши, Жаңы-Жер айылдык кеңеши.
Ысык-Көл облусу боюнча, Түп району: Кудургу айылдык кеңеши, Ак-Булуңайылдык кеңеши , Ак-Булак айылдык кеңеши, Сары-Булак айылдык кеңеши, Түпайылдык кеңеши, Талды-Суу айылдык кеңеши, Чоң-Таш айылдык кеңеши, Санташ айылдык кеңеши, Карасаев айылдык кеңеши, Арал айылдык кеңеши, Тогуз-Булак айылдык кеңеши , Ысык-Көл айылдык кеңеши, Михайловкаайылдык кеңеши. Аймактык шайлоо комиссиялары шайланган талапкерлерди эми каттоодон өткөрүүлөрү керек.
КР БШК басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1478). 29 Декабря 2016 г. |