МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

БШК АШКлардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди

2016-жылдын 1- августунда КР БШКнын отуруму болуп өтүп, анын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:

БШК мүчөлөрү 2016-жылдын 2-августунда өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мээрин шайлоонун жыйынтыктары жана добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитишти. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри болуп Топчубаев Эрмекбай Асанович шайланды.

Жергиликтүү кеңештердин алты депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотконуна байланыштуу, БШК мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын бош турган депутаттык мандаттарды талапкерлерге берүү жөнүндө чечимди төмөндөгү партиялардын тизмеси боюнча бекитишти:

- Жалал-Абад шаардык кеңеши – Ирсалиев Арапбай Мурза Раимович (“Өнүгүү – Прогресс”)  саясий партиясы;

- Нарын шаардык кеңеши – Сияев Таштанбек Моңолдорович ( “Мекен Ынтымагы”);

- Кара-Жыгач айылдык кеңеши – Тобокелов Мелис Сакаевич;

- Таш-Дөбө айылдык кеңеши – Чапанидзе Ансар Сервинтович;

- Жайыл районун Кара-Балта шаардык кеңеши – Исраилов Балкабек Сыдыкбекович (“КСДП”);

- Кемин району Ак-Түз айылдык кеңеши – Метеров Асылбек.

Отурумда, төмөндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди: Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Нарын облусунун Нарын шаардык, Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чүй облусунун Сокулук жана Москва аймактык шайлоо комиссияларына.

Ошондой эле, БШК отурумунда “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесине катталган Наспеков Марс Дамировичти партиянын тизмесинен чыгуу жөнүндө арызына байланыштуу аны талапкерлердин тизмесинен алып салуу маселеси каралды.

Отурум учурунда Бишкек шаарындагы ОБСЕ борбору Шайлоо системаларынын эл аралык фондусу (IFES) менен бирдикте шайлоо укугун окутуу боюнча маалыматка жарандардын жетиштүүлүгүн кеңейтүүгө бакытталган шайлоо процессинин алкагында окутуунун жаңы электрондук платформасынын презентациясын өткөрүштү.

Отурумда,  БШКнын жаңы сайтынын долбоорунун презентациясы болду, ал күзүндө ишке киргизилүүгө пландаштырылууда.

КР БШК басма сөз кызматы

Карап чыгуулар: (2221). 11 Августа 2016 г.