КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуп үйрөтө турган машыктыруучуларды даярдоодо |
2011 – жылдын 25 –августунда Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасындагы шайлоо – 2011 –жыл” деген аталышта Талас, Нарын, Чүй жана Ысык –Көл облустарынын машыктыруучулары үчүн тренинг өткөрдү. Машыктыруучу сапатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков чыгып сүйлөдү. Мындан ары машыктыруучулар аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө мыйзамдарга киргизилген жаңылыктар боюнча окутуп үйрөтөт. Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн тренингдер 2011 – жылдын 2 – сентябрынан 4 – сентябрына чейин өткөрүлөт (Тренингдердин графиги htt //www. Shailoo. Gof. Kg сайтында жарыяланган). Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык шайлоо комиссияларынын машыктыруучуларын окутуу 2011 – жылдын 29 –августунда Ош шаарында өтөт. Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуп үйрөтүү үчүн машыктыруучулар сыпатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (Борбордук шайлоо комиссиясы) шайлоо укуктары жаатындагы практикалык жөндөмү жана шайлоо системасында тажрыйбасы бар адистерди тандаган. Тренингдер Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо технологиялары Борбору (ШТБ) тарабынан уюштурулган. Окутуп үйрөтүүнү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фондунун эксперттери иш алып барышат. Кошумча маалымат: ШТБ шайлоо укуктарын жана шайлоону уюштуруучулардын, шайлоочулардын, шайлоонун, референдумдун катышуучуларынын, шайлоо процессинин жана башка категориясын укуктук маданиятын жакшыртуу максатында түзүлгөн. |
Карап чыгуулар: (1868). 26 Августа 2011 г. |