МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Борбордук шайлоо комиссиясы БШК атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар өткөрөт

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011 –жылдын 3-4-августунда  БШКнын атайын өкүлдөрү үчүн шайлоонун жаңы мыйзамдары жөнүндө семинар –тренинг өткөрөт.

Эки күндүк иш – чаранын катышуучулары КР БШК атайын өкүлдөрү, КР БШК мүчөлөрү, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү боло алышат. Семинардын милдеттери туурасында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдаримов маалымдама жасайт.

“КР БШК атайын өкүлү” кызматы КР шайлоо мыйзамдарына киргизилген жаңылыктардын бири. “КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, атайын өкүл Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп саналат жана бул кызматка ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына дайындалат. Республика боюнча 58 аймактык шайлоо комиссиялары түзүлүп, иштеп жатканын эскерте кетели.

Жаңы мыйзамдар боюнча семинардын биринчи күнү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзам боюнча жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жана КР БШК төрагасынын орун басары Гульнара Журабаеванын баяндама жасоосу пландаштырулууда.

Семинардын программасында КР БШК мүчөсү Нурмамат Ашимовдун шайлоолорду маалыматтык жактан камсыздоо, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү, шайлоочуларды кабардар кылуу маселелери боюнча чыгып сүйлөөсү күтүлөт.

КР БШК атайын өкүлдөрүнүн милдеттери жана ыйгарым укуктары жөнүндө КР БШК төрагасынын кеңешчиси Мурат Укушов баяндама жасайт.

Ошондой эле катышуучулар БШК атайын өкүлдөрүнүн мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, жана башка юридикалык жана жеке тараптар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө пикир алышат. Шайлоочуларды эсепке алуунун Бирдиктүү системасын түзүү, КР БШК атайын өкүлдөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен өз ара иш-аракеттерди жүргүзүү маселелери боюнча да кеп козголот.

Семинардын алкагында шайлоочулардын тизмеси, шайлоо даректери, шайлоо талаш – тартыштарын чечүү, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу сыяктуу жалпы багыттар боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт.

КР БШК атайын өкүлдөрү үчүн  аталган семинар – тренинг эл аралык өнүгүү боюнча АКШ Агенттигинин жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фондунун көмөгү менен өткөрүлөт.

Иш чара “Россия” бизнес-борборунун жыйналыштар залында (Бишкек ш., Раззаков көч. 19) өткөрүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  

Карап чыгуулар: (2067). 2 Августа 2011 г.