МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарларды өткөрдү

2012-жылдын 26-сентябрда Ош областтык мамлекеттик администрациянын имаратында жана 28-сентябрда Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациянын имаратында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу маселеси боюнча семинарлар өттү.

Семинарларга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын өкүлдөрү, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору, ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү катышышты.

Семинарлардын катышуучулары шайлоочулардын тизмесин түзүү жана тактоого, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн мыйзамдык аспекттилерине тиешелүү маселелерди, ошондой эле шайлоону даярдоодогу жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди талкуулашты.

Семинарларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы демократияны өнүктүрүү мониторингинин, КМШ ПАА мамлекет-катышуучуларынын жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышы жана парламентаризм Эл аралык институтунун Бишкектеги филиалынын көмөктөшүүсү менен уюштурган.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма-сөз кызматы

Карап чыгуулар: (1754). 29 Сентября 2012 г.