КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймагындагы шайлоо участкаларынын чек араларын бекитти жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участкаларын түздү |
Бүгүн 1 –августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Эрнис Айтымбетовдун, Бектур Асановдун, Камчыбек Ташиевдин, Акбараалы Айтикеевдин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Борбордук шайлоо комиссиясы тил Комиссиясынын дагы эки мүчөсүнүн: КМУУ кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыковдун жана “Манас” КТУ чет тилдер институнун директору, филология илимдеринин доктору Замира Касымбековна Дербишеванын талапкерлигин бекитти. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн курамы 12 кишиден турган тил боюнча Комиссияны түзүп бүттү. Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамына жана “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатып жиберүү жөнүндөгү” Жобого ылайык, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала –Бука, Майлы –Суу, Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүү киргизди. Бүгүнкү жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагындагы 2293 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитишти. Шайлоо участкаларынын тизмеси алардын чек аралары көрсөтүлүү менен “Эркин –Тоо” газетасына жарыяланат. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 2 – беренесинин 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактарынан тышкары жерлерде жашашкан же жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары КР дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында добуш беришет. Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин сунушталган тизмеси боюнча КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Россия Федерациясы (Москва, Екатеринбург, Новосибирск), Украина (Киев), Беларусь Республикасы (Минск), Казак Республикасы (Астана, Алматы), Өзбек Республикасы (Ташкент), Тажик Республикасы (Душанбе), Түркмөнстан (Ашгабад), Америка Кошмо штаттары (Вашингтон), Великобритания (Лондон), Швейцария Конфедерациясы (Женева), Бельгия королевствосу (Брюссель), Австрия Республикасы (Вена), Германия (Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн), Түркия (Анкара, Стамбул), Кытай Эл Республикасы (Пекин), Япония (Токио), Корея Республикасы (Сеул), Малайзия (Куала-Лумпур), Иран (Тегеран), Сауд Аравиясы (Эр-Рияд), Индия (Нью-Дели), Пакистан Ислам Республикасы (Исламабад), Бириккен Араб Эмираттары (Дубаи)) 29 шайлоо участкаларын түздү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2049). 1 Августа 2011 г. |