Бүгүн, 2012-жылдын 19-ноябрында, "Park Hotel" отелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялар менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууга КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов, КР БШКнын төрагасынын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова, КР БШКнын мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуучу саясий партиялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын катышуучулары 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун алдында мындай жолугушуулар өз ара маалымат алмашуу, иштиктүү чечимдерди издөө үчүн маанилүү жана өз учурундагы кадам болуп саналат.
«Мындай жолугушуулар шайлоо алда канча ачык, чыныгы адилеттүү жана атаандаштык ыңгайында болушуна, ал эми эң башкысы, шайлоочуларыбыздын реалдуу жана эркин эрк билдирүүсүн чагылдырууга түрткү болот деп эсептейм», - деп белгиледи өз сөзүндө КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар мындай жолугушуулар шайлоо процессинин чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы түрткү берет деген үмүт-тилегин билдирди. Катышуучулар ошондой эле биргелешкен иш шайлоочуларга багытталууг |