МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасын бекитти

Бүгүн, 6-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов кезектеги жыйналышында БШКнын мүчөлөрү Жеңишбек Акматовду  “Даңк” медалы мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланышы жана Жаркын Бапанованы “Кыргыз Республикасынын Элге билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамын алышы менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Марат Султановдун жана Эркин Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Марат Султановдун берген арызынын негизинде ыйгарым укуктуу өкүлү Канайым Кушназарованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 5-сентябрында “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндөгү” токтомунун кабыл алынышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Мадияр Кулуевдин, Жаныш Рустенбековдун, Сазыкбай Турдумалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

 “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сакталышын көзөмөлдөө боюнча” Нускаманы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бекитишти. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасында жарыяланат.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу шайлоочулардын кол тамгаларды чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол тамга баракчаларындагы кол тамгалардын жана маалыматтардын тактыгын текшерүү жөнүндө” Нускамага айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү менен токтомду кабыл алышты.

Ошондой эле, бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочунун шайлоочулардын тизмесинде бар болгондугу жөнүндө кабарлоо формасын өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен  бекитти.

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы

 

Карап чыгуулар: (1895). 6 Сентября 2011 г.