Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 17-апрелинде жергиликтүү Кеңештердин депутаттардын шайлоого 12 эларалык байкоочуларды акредиттеген |
“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 18-беренесинин 6-жана 8-пунктчаларын жетекчиликке алып, 2011-жылдын 17-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоого акредиттөө тууралуу берилген арыздарга ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 12 эларалык байкоочуларды: БДИПЧ/ОБСЕ миссиясынан 4 байкоочуну; Эларалык республикалык институттан (IRI) 2 байкоочуну; Америка Кошмо Штаттарынан 4 байкоочуну; Улуттук демократиялык институттан (НДИ) 2 байкоочуну акредиттеген.
|
Карап чыгуулар: (1766). 13 Апреля 2011 г. |