Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011 – жылдагы Президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин жеткирүүнү жүргүзүүдө |
Бүгүн, 2011 – жылдын 22 – октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2011 – жылдагы Президенттик шайлоодо добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин жеткирүүнү улантты. Тактап айтканда, добуш берүү бюллетендерин “Учкун” ААКсынан Чүй областынын Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата райондоруна, ошондой эле Токмок шаарына жүктөп жеткирүү процесси ишке ашырылды. Бюллетендерди өткөрүп берүү процесси “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депуттатарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30 – беренесинин 9 – бөлүгүндө жазылган. Буга чейин добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендери Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Ош областтарына жана Ош шаарына жеткирилгенин эскерте кетмекчибиз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1968). 22 Октября 2011 г. |