КР Борбордук шайлоо комиссиясы интернет-сайттар менен кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол койду |
Бүгүн, 2012-жылдын 22-октябрында "Park Hotel" отелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен интернет-сайттардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюуга карата тегерек стол өттү. Тегерек столдун ишине КР БШК төрагасы Т.Абдраимов, КР БШК төрагасынын орун басарлары Г.Джурабаева жана А.Шайымкулова, КР БШК мүчөлөрү, маалыматтык агенттиктердин жетекчилери жана өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Таза жана адилет шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселесинде маалыматтык камсыздоо процессинин маанилүүлүгүн, ошондой эле интернет-сайттардын жана алардын өкүлдөрүнүн шайлоо процессине, мунун ичинде үгүт иштерине да жалпыга маалымдоо каражаттары жана алардын өкүлдөрү менен бирдей шартта катышуусун камсыз кылуу максатында Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматтык агенттиктер менен кызматташтык жөнүндө Меморандумду иштеп чыккан. Куттуктоо сөзүндө КР БШК төрагасы Туйгуналы Дүйшөналиевич Абдраимов шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын алдында турган актуалдуу проблемалардын бири биздин республиканын жарандарын маалыматтык камсыз кылуу экендигин белгиледи. Бул өтө маанилүү иш чарада өзгөчө орун маалыматтык агенттиктерге таандык. Т.Абдраимов шайлоо процессинин бардык баскычтарында маалыматтык камсыз кылуу анын маанилүү жана ажыратылгыс бөлүгү болоорун баса белгиледи. Ушундан улам, өлкөнүн ичиндеги кана эмес анын тышкары жагындагы да жарандарды зарыл маалымат менен камсыз кылууда алардын бардыгын камтуунун, маалыматты тез арада жеткирүүнүн зор каражаты болуп эсептелген интернет-сайттарга өзгөчө орун берилет. Сөзүн улантуу менен БШК төрагасы Меморандумду даярдоо жана келишим түзүү маселесин демилгелеп жатып, Борбордук шайлоо комиссиясы биздин жарандарды таза жана адилет шайлоо маселелери боюнча маалымдоонун, шайлоо жөнүндө маалыматка жетишүүдөгү шайлоочулардын укугун толук камсыз кылуунун, ошондой эле шайлоочуларды жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин жана саясий партиялардын платформалары менен кеңири тааныштыруунун маанисине көңүл бургандыгын белгиледи. Мында аталган маселе Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган биздин жарандар үчүн өтө актуалдуу экендигин айта кетүү зарыл. Анткени алар үчүн маалыматтын негизги булагы болуп интернет-сайттар эсептелет. Боршайлоокомдун төрагасы маалыматтык агенттиктеринин катышкан өкүлдөрүнө өткөндөгү президенттик шайлоонун алдында КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешине “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Мыйзамдын Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) сапатында катталган интернет-сайттар Борбордук шайлоо комиссиясында акредиттелүү укугуна ээ деген расмий жообун берген. Тилекке каршы, калк арасында кадыр-баркка ээ болгон бир дагы интернет-сайт Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинде жалпыга маалымдоо каражаттары сапатында белгиленген тартипте каттоодон өтпөптүр. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана маалыматтык агенттиктер үчүн бирдей шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо алдында интернет-сайттар менен макулдашуу жөнүндө Меморандумга кол койду-деп белгиледи КР БШК төрагасы. Аталган Меморандумга кол коюуну каалаган айрым интернет-сайттар бүгүнкү тегерек столго катыша албай калгандыгына байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн интернет-сайттар менен кол коюлгандан кийин кызматташтык жөнүндө Меморандум КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2310). 22 Октября 2012 г. |