Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти |
Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү. Жыйналышта, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Эркин Булекбаев, Мамбетжунус Абылов, Анарбек Калматов, Омурбек Эгембердиев, Алмазбек Каримов, Замирбек Пирманкуловдун ыйгарыс укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти. Күбөлүктүн дизайнына БШКнын мүчөлөрү кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизишти.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1755). 8 Сентября 2011 г. |