Борбордук шайлоо комиссиясы эске салат: добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш бере алат |
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир шайлоочу 30 календарлык күндүн ичинде, бирок добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен, өзү шайлоочулардын тизмесинде жоктугу жөнүндө, андагы ар кандай каталар же так эместиктер жөнүндө тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу. Добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочуларды 2012-жылдын 15-ноябрына чейин өзү жөнүндө маалыматтарды тактоого чакырат. Добуш берүү күнү, 2012-жылдын 25-ноябрында, шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүү күнү добуш бере алат. 2012-жылдын 16-октябрынан тартып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бардык 2028 участкалык шайлоо комиссиясында тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулар таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмелери илингендигин эсиңиздерге салабыз.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (1807). 24 Октября 2012 г. |