МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Борбордук шайлоо комиссиясы Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун бир катар маселелерин бекитти

2017-жылдын 16-июнундагы БШКнын жыйынында 2017-жылдын  28-майында болуп өткөн  Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасы  жана добуш берүүнүн   жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди.

Шайлоого 7 саясий партия катышты. 31 мандаттык Жалал-Абад шаардык кеңешке 7 пайыздык чектен  6 саясий партия өттү. Мандаттар төмөдөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1.“Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы”  саясий партиясы - 8;

2. “Өнүгүү - Прогресс” саясий партиясы  - 9;

3.“МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы  – 4;

 4.“РЕСПУБЛИКА” саясий партиясы  – 3;

5.“Патриоттук партия “Ата-Журт” саясий партиясы – 4;

6. “КЫРГЫЗСТАН” саясий партиясы - 3 мандат.

Ошондой эле жыйында төмөндөгүдөй маселелер  бекитилди:

-2017-жылдын 12-майында өткөн  шайлоодо  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган  А.З. Сейдакматовду бекитүү тууралуу протокол;

-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин айрым башчыларын шайлоо протоколдору.

Ошентип, Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал  айыл өкмөтүнүн, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн, Токтогул районундагы А. Сүйөркүлов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 9дан 12ге чейин өткөрүү дайындалды.

Ал эми  Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөт, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн, Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 5-июлунда саат 15тен 18ге чейин өткөрүү дайындалды .

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү 

Карап чыгуулар: (1312). 16 Июня 2017 г.