Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Женишбек Акматов Индияда Дүйнөлүк шайлоо органдарынын башкы ассоциациясынын отурумуна катышты |
2016-жылдын 21-25-февралына чейин Нью Дели шаарында Дуйнолук шайлоо органдарынын башкы ассоциациясынын (А-WEB) 4- отуруму болуп өттү, бул отурумга Кыргыз Республикасынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акматов Ж. Катышты. 23-февралда инаугурациалык сессия болуп өттү, Бул сессияда Ж.Акматов «2015-жылдагы Кыргыз Республкасынын парламенттик шайлоосу» жөнүндө презентация жасады. А-WEBтин аткаруу кеӊешинин 4-отурумунун жүрүшүндө Ж.Акматов А-WEBтин башкы катчысы Ким Енг Кхи менен жолукту, жолугушуу алкагында тараптар ортосудагы кызматташтыктын актуалдык маселелери талкууланды жана 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо A-WEBтин техникалык жардам көрсөткөндүгү белгиленип кетти. Ошондой эле Индиянын шайлоо комиссиясынын төрагасы Назим Зайди менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү, алар Индиянын премьер министри Нарендра Модинин Кыргызстанга болгон расмий сапарында 2015-жылдын июнь айында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун алкагында комиссиялар ортосуда белгилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу зарылчылыгын талкуулашты.
|
Карап чыгуулар: (1369). 26 Февраля 2016 г. |