Бишкек аймактык шайлоо комисссиясынын мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти |
2012-жылдын 24-сентябрында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышы өттү. Бишкек АШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,4-пункттарына, 19-беренесинин 1,2,5,6,7,8,9-бөлүктөрүнө, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобого, Бишкек АШК 2012-жылдын 6-сентябрындагы “Бишкек УШК курамдарын түзүү жөнүндө” № 8 чечимине ылайык, ошондой эле 2012-жылдын 11-сентябрында өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдарын бекитишти. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, жогору турган шайлоо комиссиясынын төрагасы тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи жыйналышын ал түзүлгөндөн кийин үч күндөн кечиктирбестен өткөрүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык, Бишкек АШК түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларды биринчи жыйналышка чакырат. Участкалык шайлоо комиссиялардын жыйналыштары Бишкек шаарынын райондук мамлекеттик администрацияларынын акт залдарында өткөрүлөт. Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 26-сентябрында саат 9.00дө, Октябрь жана Свердлов райондорунун УШК жыйналыштары 2012-жылдын 27-сентябрында саат 9.00дө. Төмөндө Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялардын курамдары берилет: Ленинский район – здесь Октябрьский район - здесь Первомайский район – здесь Свердловский район - здесь
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (4635). 25 Сентября 2012 г. |