КР БШК мүчөлөрү Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түстүү кагазда даярдоо тууралу чечим кабыл алышты |
Бүгүн, 2012-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы өттү, анда КР БШК мүчөлөрү 3 маселени карашты. КР БШК мүчөлөрү Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын жана Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизишти. Жыйналышта КР БШК мүчөлөрү тарабынан Бишкек шаарынын участкалык шайлоо комиссиялары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктры тууралу протоколдорду даярдоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Чечимге ылайык протоколдор “Континент” ЖЧК басмаканасында саны 406 даанада түстүү кагазда даярдалат. Ошондой эле жыйналышта КР БШК мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 18-январындагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2185). 22 Ноября 2012 г. |