КР БШКнын мүчөлөрү 2017-жылы 28-майда өтүүчү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтө турган региондордо шайлоо комиссиялары менен жолугушууларды өткөрүүдө |
КР БШКнын мүчөлөрү 2017-жылы 28-майда өтүүчү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтө турган региондордо шайлоо комиссиялары менен жолугушууларды өткөрүүдө. Ош облусунда БШКнын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматов, БШКнын мүчөсү Б. С. Кадыров аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына методикалык жардам берүүдө. БШКнын мүчөлөрү К.М.Осмоналиев жана А.Ж.Эшимов Ысык-Көл облусунда коллегалары жумушчу жолугушууларды өткөрүүдө. Талас облусуна БШКнын мүчөлөрү Н. Т. Арипов, А.С. Сатыгулов жөнөп кетти. 2017-жылы 22-майда БШКнын төрагасы Н. К. Шайлдабекова Кара-Балта шаарында участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жолукту. Кара-Балта шаардык кеңеши бир нече жолу шаардын мэрин шайлай албагандан кийин таркатылгандыктан мөөнөтүнөн мурда шайлоо болмокчу. Азыркы шайлоого 2016-жылдагыдан көп саясий партиялар катышууда. БШКнын төрагасы жолугушуунун катышуучуларына кайрылып, АШК жана УШК жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо мыйзамдуулукту камсыз кылып, акыйкат жана таза шайлоону өткөрүүгө чакырды. Бул процессте эң башкы талап, шайлоо процессиинин бардык катышуучуларына бирдей шартты камсыз кылуу жана тең салмактуулукту сактоо болуп саналат. Жумушчу жолугушуунун аягында КР БШКнын төрагасы УШКнын айрым мүчөлөрүн КР БШКнын Ардак грамотасы менен сыйлады.
БШК Аппаратынын маалымат бөлүмү
|
Карап чыгуулар: (1648). 23 Мая 2017 г. |