Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү региондордо АШКларга жана УШКларга усулдук жана практикалык жардам берет |
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү региондордо АШКларга жана УШКларга усулдук жана практикалык жардам берет 2012-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү республиканын бекитип берилген региондору боюнча иш сапарга чыгышты. КР БШКнын мүчөлөрү 2012-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин региондордо аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына жана КР БШКнын атайын өкүлдөрүнө 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча усулдук жана практикалык жардам берет. Эске сала кетели, 2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу БШКнын мүчөлөрүнө төмөнкүдөй облустар кураторлук кылууга бекитилген: - Акматов Ж.А.– Баткен облусу, - Асаналиев А.Т., Баатырова Г.М.– Жалал-Абад облусу; - Ашимов Н.А. –Талас облусу; - Бапанова Ж.Б.– Нарын облусу; - Баялинов А.Дж, Азиз Канатбек – Ош облусу; - Бекбасаров Р.Б. – Чүй облусу; - Кадырбеков И.Д – Ысык-Көл облусу; Бишкек шаарына КР БШКнын бардык мүчөлөрү бекитилген. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы |
Карап чыгуулар: (2095). 16 Октября 2012 г. |