МЫЙЗАМДАР

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ

ОКУТУУ

ШАЙЛООЧУЛАР

ШАЙЛОО КОМИССИЯЛАРЫ

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАР

ТАЛАПКЕРЛЕР

БАЙКООЧУЛАР

ЖМК

ШАЙЛООЛОР

РЕФЕРЕНДУМ

ФОТОГАЛЕРЕЯ

ТЕНДЕРЛЕР

УШКга КӨРСӨТҮҮ

КОНКУРСТАР

КАЙЧЫ БАЙЛАНЫШ

 
Центральная избирательная комиссия

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын делегациясы Өзбекистан Республикасынын парламенттик шайлоосуна байкоочу болуп катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлү кирген делегация 2014-жылдын 19-декабрынан 21-декабрына чейин Өзбекистан Республикасынын Олий Мажлисинин (парламент) мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттарын  шайлоого байкоочу катары катышып келишти.

Алар, Өзбекистан Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов тарабынан 2014-жылдын 21-декабрындагы шайлоонун жүрүшүнө жана уюштуруусуна эл аралык байкоочу катары катышыш үчүн чакырылган.

Өзбекистан Республикасынын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасына Өзбекистандын Либерал-демократиялык партиясы, Өзбекистандын Элдик-демократиялык партиясы, Өзбекистандын Демократиялык “Миллий тикланиш” партиясы жана “Адолат” Социал-демократиялык партиясы катышкан. Олий Мажлис Мыйзам чыгаруу палатасын түзгөн 135 орунга 535 талапкер өз талапкерлигин көрсөткөн.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимовдун пикири боюнча Өзбекистандагы парламенттик шайлоого эл жигер катышкан жана шайлоо жакшы жана ийгиликтүү өткөн. Өзбекистан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын Конституциясы жана шайлоо мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүдө жогорку даярдыкты жана уюштуруучулукту көрсөтүштү.     

Карап чыгуулар: (1880). 23 Декабря 2014 г.