БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү |
БШК эл аралык өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрдү
20-октябрда КР БШК менен эл аралык өнөктөштөрдүн координациялык жолугушуусу өтүп, анда тараптар алдыда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пикир алмашты. КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы бүгүнкү күнгө карата жаңы технологияларды киргизгенин, мисалы, 2015-жылы Жогорку Кеңешке, ошондой эле 2016-жылдын жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоодо автоматтык саноочу урналарды (АСУ) колдонуу сынактан ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. Кыргызстан КМШ мейкиндигинде шайлоо процессине АСУну киргизген жалгыз өлкө болуп саналарын белгилей кетүү маанилүү. “Өлкөнүн парламентарийлеринин ишин колдоо жана натыйжалуулукту кыйла арттыруу үчүн 2015-жылы КР Президентинин жарлыгы менен шайлоо системасына тиешелүү жаңы мыйзам долбоорлорун жана процесстерин иштеп чыгуу жана түзүү иши жүктөлгөн Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Ал жумушчу топ жарандык коом, эксперттик жамаат, саясий партиялар, мамлекеттик органдар ж.б. менен талкууларды ачык жана жигердүү жүргүзүүдө. Кызыкчылыгы бар ар кыл тараптардын сунуштарынын артыкчылык жана мүчүлүш жактарын эске алып, ар тараптуу талдоонун негизинде БШК шайлоо системасын мындан ары дагы реформалоо боюнча иш жүргүзүүгө даяр”, деп айтты БШК төрагасы. КР БШКнын өнүгүүсүнүн азыркы этабындагы жетишкендиги эл аралык өнөктөштөрдүн шайлоонун бардык компоненттери боюнча активдүү жардамы менен мүмкүн болду. Мында БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун, ЕККУнун, Европа Бирлигинин, Япониянын, Швейцариянын, Корея Республикасынын, Даниянын, Индиянын өкмөттөрүнүн жана KOICA, JICA, USAID, IFES сыяктуу эл аралык уюмдардын, ошондой эле башка бир катар уюмдардын колдоосу болду. БШК төрагасы шайлоо системасын реформалоо боюнча көрсөткөн колдоолору үчүн донорлорго, эл аралык уюмдардын, элчиликтердин өкүлдөрүнө ыраазычылыгын айтты, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы сунуштарды кабыл алууга, кызматташууга даяр экенин билдирди.
КР БШК басма сөз кызматы
|
Карап чыгуулар: (1259). 21 Октября 2016 г. |